05.09.2018 17:04

Кырчында россиялык жаа аткычтын кан басымы көтөрүлдү

Кырчында россиялык жаа аткычтын кан басымы көтөрүлдү

Кырчын жайлоосунда россиялык жаа аткычтын кан басымы көтөрүлүп, нөөмөттө турган медицина кызматкерлери жеринде ыкчам жардам көрсөтүштү. Бул туурасында облустук ИИБнын маалымат кызматынан билдиришти. 

Башкортостандан келген Салават Юлбердин дарыгерлерге ден соолугунун начарлашына арызданып кайрылган.  Ысык-Көл облусунун ИИБинин медициналык кызматынын жетекчиси Жыргалбек Кыргызбаевдин айтымында, спортчуда гипертониялык оорунун белгилер байкалган.

«Адатта, адамдар бийик тоого чыкканда кан басымы көтөрүлөт. Биз алгачкы медициналык жардамды көрсөтүп, керектүү сунуштарды бердик», - дешет ИИБден.

Белгилей кетүүчү жагдай, Ысык-Көл жергесинде өтүп жаткан ДКО учурунда коомдук коопсуздукту камсыздап жаткан тартип сакчыларынын ден соолугуна көзөмөл жүргүзүү максатында жеринде Ысык-Көл облустук ИИБнын медициналык кызматынын дарыгерлери нөөмөттө турушат.

«Бизге тартип сакчылары эле эмес, мелдештердин катышуучулары дагы кайрылып жатышат. Анткени, биздин медициналык унаабыз спорттук мелдеш өтүп жаткан аймакка жакын жайгашкан. Кайрылгандар көбүнчө бир жерин кокустатып, же сыйрылтып алгандар. Биз аларга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз»,- дешти ИИБдин маалымат кызматынан.